Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан демилгеленип жаткан, мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени – мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес. Ага байланыштуу, Президенттин Администрациясынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөнүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады. Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу жоокерлер, офицерлер жана генералдар! Куралдуу күчтөрдүн кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Бизди, жалпы мекендештерибизди бириктирип турган бир максат – күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды […]Читать далее
Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Кечээ, 28-майда, КРнын Минитсрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Максат” чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фелдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды шайлоонун экинчи айлампасындагы жеңиши менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: Урматтуу бир тууганым Режеп Тайып Эрдоган! Сизди Президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм. Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. […]Читать далее
Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 17 миң 423 адам катышкан. Шайлоодо жалпы 29 талапкер депутаттыкка ат салышты. Автоматташтырылган башкаруу системасынын (АСУ) маалыматтары алдын ала болуп эсептелет. Бардык шайлоо […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы саат 20:00гө карата шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымдайт. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын катышуусу: 17 423 шайлоочуну түздү, башкача айтканда шайлоочулардын жалпы санынан 13.95%Читать далее
28 май күнү негизги «Мурас» мелдешинин 1/4 финалы, жарым финалы жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында – 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7-3 эсеби менен жеңип чыкты. Ал эми, көз жоосун алган финалдык оюнда «Спорттук федерациялар» «Ден-соолук» менен кез келип, негизги убакыттын соңунда эсеп саны тең калып, пеналтилер сериясында гана […]Читать далее
Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өнөктүгүнө катышты. Тагыраагы, Төрага Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган №1063 шайлоо тилкесинде добуш берди. Элдин эркин тандоосу баардыгынан маанилүү экенин айткан Төрага Нурланбек Шакиев добуш берүү өнөктүгү ачык-айкын, мыйзам талаптарына ылайык өтүшү керектигин белгиледи. […]Читать далее
28-майда Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берди. Шаар башчысы Бишкектеги N№74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасында добуш берди. Э.Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди. Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.Читать далее