Ак-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Ордо конушуна бала бакча курууда. Бул туралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттуу, 280 балага ылайыкталган. Жер участогунун жалпы аянты – 0,83 га. Мекемени  газ менен  жылытуу каралган.Имаратта таратуучу ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу, оюн,  кабыл алуу, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык+ гимнастикалык зал, тазалык түйүмдөрү жана техникалык жайлар жайгашат.

Учурда темир-бетон каркасы толук бүтүп, чатырын жабуу, кирпич дубалдарды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Связанный пост