2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү : I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; II тур – 24-июль саат 8:00дөн […]Читать далее
Кыргыгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 3-июлунан 6-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону ӨКМ сунуштайт.Читать далее
КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген. Мындан улам Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдөн 5 куткаруучу АК унаасы менен издөө […]Читать далее
1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду. Түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды. Утушка “Салык чек” тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID– номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы […]Читать далее
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте, Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 […]Читать далее
Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган “Улут баскан улуу жол” аттуу фестиваль бүгүн, 2-июлда жыйынтыкталып, республикалык жана облустук ар кандай номинациядагы сынактарда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Каракол шаарынын мэри Чыңгыз Бапаев Каракол шаарынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: “Урматтуу медицина кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Мамлекеттин эң негизги байлыгы – эл-журтубуздун саламаттыгы үчүн күн-түнү […]Читать далее
Бүгүн, 1-июль күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында даанышман-ойчулдар, Жолболду уулу Садыр акенин 200, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык маараке тою өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда. Иш-чарага бүгүн расмий […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, 24-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда өтүп жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Катышуучулар өз автомашиналарынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат, быйыл эл аралык ралли Кыргызстанда өтүп жатат. Бардык унаалар пост-апокалиптикалык «Mad Max: Fury Road» («Безумный Макс: Дорога ярости») боевик тасмасынын стилинде жасалган. Мамлекет башчысы […]Читать далее