Саясат

Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башсычынын кайрылуусунда мындай деп жазылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Жакындан бери социалдык түйүндөрдү карасам, Жетим-Тоону “коргогучтар” болуп чыга келген жарандарыбыз элге кайрылуу кылып, өздөрүн “баатыр” көрсөтүп, элди “көтөрүлгүлө” деп чакырык жасап жатышыптыр. Ушундан улам элге толук маалымат берип коюуну туура көрдүм. Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер […]Читать далее

Коом

16-17-августта борбор калаанын айрым райондорунда таза суу токтотулат

16-17-августта Бишкектин айрым райондорунда таза суу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгы билдирет. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү №83 турак жайдын электр энергияга кошулуусуна байланыштуу 8-кичи райондогу №47 үйдүн насостук станциясын өчүрүү зарыл. Ага байланыштуу эртең, 16-августта саат 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү турак жайларда таза суу берүү токтотулат: 8-кичи район. №45, №46, №47, №45/1, №46/1, №46/4; Токомбаев […]Читать далее

Коом

Ысык-Көлдө 1400 түк чөп өрттөнүп кетти

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 1400 түк чөп өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ, 14-августта саат 19:10 чамаларында Түп районунун Жылуу-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринин коросундагы бастырмада жыйналган чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 20:00 […]Читать далее

Коом

Бишкекте “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт

Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 26-28-сентябрь күндөрү “Антиконтрафакт” Х эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарада товарларды идентификациялоо жана мониторинг жүргүзүү, бажы, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн онлайн-соода жана IT технологияларды колдонуу маселелери талкууланат. Форум “Жаңы чакырыктар – […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир жумада 267 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти. Алсак: – жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3 519; – документи жок унаа башкаруу – 203; – транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 151; – инспекторлордун […]Читать далее

Спорт

Ошто 40 өлкөнүн спортчулары катышкан Silk Road Mountain Race веложарышы

Ош шаарынын борбордук аянтынан Silk Road Mountain Race велосипед жарышы башталды. Ага 40 өлкөдөн 163 спортчу катышууда. Silk Road Mountain Race — Кыргызстанда 2018-жылдан бери өтүп келе жаткан эл аралык веложарыш. Жарыштын жаратуучусу Нельсон Трис – велосипедчи, ал 2013-жылы Шанхайдан Парижге өзү досу менен Кыргызстан аркылуу тандем менен барган. 2017 жана 2018-жылдары келген Нельсон Тресс […]Читать далее

Спорт

Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Ислам оюндарынын финалына чыкты

Кыргызстандык спортчулар Айпери Медет кызы жана Үзүр Жусупбеков Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам оюндарынын финалына чыкты. Айпери Медетбек кызы жарым финалда түркиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңди. Спортчу 76 кг салмак категориясында күч сынашууда. Ал эми Үзүр Жусупбеков 97 кг салмакта беттешип, жарым финалда ирандык балбан менен күч сынашты. Финалдык беттештер саат 21:30да башталат.Читать далее

Коом

Шаарды мыйзамсыз курулуштарлан тазалоо иштери уланууда

Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө  боюнча муниципалдык инспекциясы шаарды мыйзамсыз курулуштарлан тазалоо иштерин улантууда. Шүкүров көчөсүндөгү үйлөрдүн тосмолорун демонтаждоо иштери уланууда. Эске салсак, аталган көчөдө Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жолду оңдоп-түзөө жүргүзүлүүдө. Бардыгы болуп 71 объект бар. Бүгүнкү күндө 15и үй ээлери тарабынан өз […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын жалпы маселелери талкууланды

11-августта КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Кыргызстандагы жаңы дайындалган туруктуу координатору Кристин Антье Граве жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту. Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жалпы маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Кемелова кыргыз тарап тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча […]Читать далее

Коом

Коммуналдык кызматтар үчүн атайын техникаларды алып келүү меморандумуна кол коюлду

Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында атайын техникаларды алып келүү боюнча меморандумга салтанаттуу кол коюу аземи болду. Меморандумга Бишкек шаарынын мэриясы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун ортосунда кол коюлду. Жалпысынан турак жай-коммуналдык чарба тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн 30га жакын атайын техниканы лизингге сатып алуу пландалууда. Жаңы техникалар «Бишкекжарык», «Тазалык», «Бишкексуучарба», «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканаларынын ишинде колдонулаары күтүлүүдө. Булар […]Читать далее