КР УКМК тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 2023-жылдын 5-июлунда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (“Куралды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда., кармалган кызматкер […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында 116 млрд 165,4 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 948 млн сомго ашыкча аткарылган. Чогулган сумма 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,7 млрд сомго көп. Анын ичинде салык жана төлөмдөр 84 млрд 446,2 млн сомду жана камсыздандыруу төгүмдөрү 31 млрд 719,2 млн сомду түзөт. Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун Эрдэнэ, Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан […]Читать далее
5-июлда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун жумушчу тобунун жыйынында долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, министрдин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин түзүмдүк […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Жапалак айылында жаңыдан салынып баштаган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштерин көрүп чыкты. Бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тийешелүү кызматтарга милдеттендирди. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду. Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манапов Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Көк-Жар үрөнчүлүк чарбасынын ишмердүүлүгү жана техникалык базасы менен таанышып, оруп жыйноо иштери үзгүлтүккө учуратпоо жана жергиликтүү дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө тапшырма берди. Иш сапардын жүрүшүндө Ноокат районунун Төлөс айыл өкмөтүндөгү жана Араван […]Читать далее
Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктап, социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышты. Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди. Белгилей кетсек, 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында […]Читать далее
КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 2023-жылдын 5-июлунда Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу жаран М.Э.М. кармалды. Ал КР ИИМдин “АБД-ТОР” каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турат, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун салтанаттуу ачылышына катышууда. Мэр, “Астана – келечектин шаары” форумунун катышуучуларын кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтуу менен Астананын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап жатып, эзелтен кыргыз-казак бир тууган, ата-бабалардын улуу мурасын улоо, […]Читать далее
Биринчи май районунда окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында №75 мектептин базасында сыйлык тапшыруу аземи өттү. Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди акимдин орун басары Рахат Мусаева тапшырды. «Милициянын жаш досу-2022» сынагында: – 1-орунга ноутбук жана Ардак грамота №41 мектептин командасына тапшырылды; – 2-орун үчүн музыкалык колонка жана диплом №75 мектептин командасына берилди; – 3-орун үчүн №28 […]Читать далее