Унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомдук талкууга алып чыкты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрү колдонулаары […]Читать далее
Акылбек Жапаров арбитраждык процесстерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык юридикалык
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров акыркы жылдарда арбитраждык процесстерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргогон Willkie Farr & Gallagher эл аралык юридикалык компаниясынын өнөктөшү Бертру Грегуар башында турган компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана министрликтин Соттук өкүлчүлүк борборунун (мындан ары – СӨБ) жетекчилиги […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” (17-июль 2023-жылы № 140) Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесин иш жүзүнө ашыруу максатында иштелип чыккан, ага ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын […]Читать далее
Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү. Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан […]Читать далее
Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев Бавария жеринин Экономика, регионалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлигинин өкүлү Андреас Ройхляйн башында турган Бавария Федералдык жеринин (ГФР) экономикалык делегациясы менен жолугушту. Улуттук агенттиктин директору кызматташуу багыттары жана Германиядан КРга инвестициялар бөлүгүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берип, ошондой эле жалпы өлкөбүздүн инвестициялык климаты, жеңилдиктери жана преференциялары жөнүндө айтып […]Читать далее
Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын I жарым жылдыгынын
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана анын орун басарларынын маалыматы угулду. “Мен буга чейин ар бир министрдин орун басарына министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багыты бөлүнүшү […]Читать далее
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы борбор калаанын кесилиштерин көрктөндүрүү иштерин улантууда. Акыркы бир жуманын ичинде шаар дагы эки ландшафттык бурчка ээ болду, жашылдардыруучулар Бөкөнбаев/Ибраимов, Байтик-Баатыр/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишин, ошондой эле Пушкин көчөсүндөгү Курманжан Датканын эстелигинин алдын көрктөндүрүштү. Бул жолу жашылдандыруучулар жол кесилишин жакшыртууда мрамор, башка табигый таштар жана өзгөчө кабык түрүндөгү жасалгалоочу элементтерди гана эмес, […]Читать далее
Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясынын чечими менен 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн утуштун 1-турунун 51 байге боюнча жыйынтыгы жокко чыгарылды. Комиссия жеңүүчүлөр тарабынан шарттардын сакталгандыгын текшерүүнүн жыйынтыгында Лотереянын талаптары бузулгандыгы аныкталгандыктан, ушундай чечим кабыл алды. Тактап айтканда, 1 электромобиль, чет өлкөгө 1 жолдомо, 21 iPhone14, 19 смартфон, 8 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 1 фендин утуштары жокко […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 18-20-июлда Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммитине катышуу үчүн Сауд Араб Падышалыгына жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Аталган иш-чаранын алкагында өлкө лидерлери саясий, […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алты айында иш берүүчүлөр бош жумуш орундарына 12 миңден ашык арыз беришкен. Шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан бош орундарга 7,5 миңден ашык жумушсуз жарандар же муктаждыктын 60% ишке орношкон. Ошол эле учурда өндүрүштүн тармактары үчүн кадрлардын жеткиликтүүлүгү ар кандай болгон. Мисалы, […]Читать далее