Коом

Чүй-Фучик кесилишинде канализациялык коллектордун курулушу башталат

Үстүбүздөгү жылдын 21-июлунан тарта Чүй проспектиси менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилишинде унаа кыймылына чектөө киргизилет. Канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу аталган кесилиште кыймыл  убактылуу чектелет . Чүй проспектиси Бишкектин негизги транспорттук артерияларынын бири экенин эске алып, жол иштери күнү-түнү жүргүзүлөт. Курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалууда. “Бишкексууканал” башкармалыгы борбор калаанын тургундарын жана конокторун  убактылуу чектөө киргизүүгө түшүнүү […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам

УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары […]Читать далее

Президент

Жидда шаарында “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши”

Бүгүн, 19-июлда “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши” аттуу мамлекет башчыларынын биринчи Саммити болуп өттү. Иш-чара Борбор Азия жана араб мамлекеттеринин лидерлерин жана делегация башчыларын тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи менен башталды. Саммит Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауддун төрагалыгы астында өттү. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө региондор […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи Саммитинде сөз сүйлөп, ар кыл тармактарда региондор аралык кызматташтыкты активдүү алдыга жылдырууну сунуштады.   “Улуу Даражалуулар, Улуу Мартабалуулар, Урматтуу мамлекет башчылары, Урматтуу Башкы катчы мырза, Айымдар жана мырзалар,   Ассаламу алейкум уа рахматуллахи уа баракатуху!   Эң алгач, Эки […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) өтүп жаткан “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңешинин” биринчи Саммитине катышуу үчүн келди. Өлкө лидерлерин имараттын фойесинде Сауд Арабиясынын Мураскер ханзадасы Мухаммед бин Салман Аль Сауд тосуп алды. Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары жана делегациялар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Кувейттин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Кувейт Мамлекетинин Мураскер ханзадасы шейх Мишаль Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен жолугушту. Кыргыз-кувейт кызматташтыгынын өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ал бүгүн Жидда шаарында Булуң менен Борбор Азия региондорунун ортосунда мамлекет башчылардын деңгээлинде өткөрүлүп жаткан Саммитти […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Катардын Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Катар Мамлекетинин Эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани менен жолугушту. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, аймактык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле Катар Эмиринин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Президент Садыр Жапаров кыргыз тараптын, өзгөчө […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Бахрейн Падышасынын атайын элчиси Нассер бин Хамад

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Бахрейн Падышасынын атайын элчиси, Падышанын үй-бүлө мүчөсү Нассер бин Хамад Аль Халифа менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын, ошондой эле регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы кыргыз тарап Бахрейн менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында (Сауд Арабия Падышалыгы) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы кыргыз […]Читать далее

Билим

Кыргызстан менен Кытайдын жогорку окуу жайлары кызматташтыкты күчөтөт

18-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Сиань Сыюань университетинин делегациясын кабыл алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Сиань Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй ОшМУнун студенттерин Сыюань университетине тандоо боюнча келишим тууралуу айтып беришти. Студенттер окууну аяктагандан кийин кош […]Читать далее