Укук тартиби

“Тазалык” ишканасына атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 млн сомдук

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 5 даана атайын техникаларды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөндүгү аныкталган. Тактап айтканда, ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан, 2022-жылдын сентябрь айында “Г” ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү боюнча чечим кабыл алган. Бирок, […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Медина шаарында Мухаммед пайгамбардын мечитине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-июлда, Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мединадагы Масжид Ан-Набавиге (Мухаммед пайгамбардын мечити) барды. Мамлекет башчысы Масжид Ан-Набавиде намаз окугандан кийин, Садыр Жапаровго Мухаммед пайгамбардын (САВ) сөөгү коюлган жерге кирүүгө жол ачышты. Президент Садыр Жапаров кыргыз элинин бакубат жашоосун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн тилеп, дуба кылды. Аль-Масжид ан-Набави (Пайгамбардын […]Читать далее

Коом

«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 6 ай аралыгында 1,3 млн

«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 6 ай аралыгында 1 328 821 жүргүнчүнү тейлей алды. Ички авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү ташуу 358 708 адамды, эл аралык каттамдарда 970  113 жүргүнчүнү түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдү ташуу 12,2% өстү. Белгиленген мөөнөттө «Манас» эл аралык аэропортунда 11 090 каттам аткарылды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында «МЭА» ААКтын жалпы жүргүнчүлөрүнүн […]Читать далее

Коом

УКМК АКШнын КР карата мүмкүн болуучу санкциялары боюнча: Кыргызстан эл

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстанга карата “Россияга санкцияланган товарларды жеткирүүнү токтотуу үчүн” мүмкүн болгон экономикалык чаралар көрүлүшү тууралуу маалыматына байланыштуу КР УКМК коомчулукка төмөндөгүлөр жөнүндө маалымат берүүнү зарыл деп эсептейт: АКШ жана батыш өлкөлөрү Орусияга каршы киргизген санкциялык чектөөлөрдү сактоо режимин бузууга кыргыз мамлекетинин өзү да, эч кандай мамлекеттик түзүмдөр менен компаниялардын тиешеси жок экенин айтууга […]Читать далее

Коом

Бишкекте “Тамеки чегүү” рейди өттү. 65 миң сом айып салынды

Октябрь жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте «Тамеки чегүү» аталышта рейд өткөрдү. Рейддин жүрүшүндө « Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу фактылары аныкталган оюн-зоок мекемелеринде администрация жана келгендер тарабынан бузуулар […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыярат жасады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды. Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду. Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи. Умра – кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, […]Читать далее

Коом

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун бир тарабы бүткөрүлүп,

Балыкчы -Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыгы) жолдун бир тарабы бүткөрүлүп, экинчи тарабы асфальтталууда. Учурда жол курган компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жогоруда аталган жолго бир нече ирет барып, туристтик мезгилде келген коноктордун жана жергиликтүү калктын ыңгайы үчүн жумушту тездетүү тапшырмасын […]Читать далее

Президент

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер Ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушту. Тараптар регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты. Сауд Арабия Падышалыгынын Мураскер ханзаадасы, Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд Мамлекет башчысы менен саламдашып, Сауд Арабиясынын мындан ары эки өлкө […]Читать далее

Коом

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет

2023-жылдын 20 июлунан баштап – 26 июлга чейин Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин эски асфальт-бетон катмарын сыйрып алуу, жаңы асфальт-бетон төшөө иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. 2023 жыл, 20 июлдан баштап-26 июлга чейин: саат 5:00 дөн 8:00 гө чейин, саат 10:00 дөн 12:00 гө чейин, жана 14:00 дөн 16:00 гө чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр […]Читать далее

Укук тартиби

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан мамлекеттик бюджетке зыян келтирген кызматтык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында “Орловка ишканасынын” “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына откананы капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды жогоруда аталган ишкананын директору Э.К. тарабынан мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке материалдык баюу максатында аталган ишкананын директору “Э.Т.” ЖЧК менен откананы […]Читать далее