Коом

6 айда азык-түлүк коопсуздугуна 13,5 млрд бөлүндү

2023-жылдын 6 айында азык-түлүккө 13,5 млрд бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылга азык-түлүк коопсуздугунун такталган бюджети 19,3 млрд сомду түзөт. 2023-жылдын биринчи бөлүгүндө бюджеттен 13,5 млрд сом сарпталган.  Читать далее

Коом

2023-жылдын 6 айында энергетика тармагына 11,3 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын 6 айында энергетика тармагын каржылоого 11,3 млрд сом бөлүнгөн. Анын ичинен: –        энергосекторду капиталдаштырууга – 5,4 млрд сом, –        күз-кыш мезгилине даярдыкка – 5,3 млрд сом, –        Камбар – Ата ГЭСин курууга – 416,3 млн сом –        “Бала – Саруу” чакан ГЭСин курууга – 225,0 млн сом.Читать далее

Общество

Ошто социалдык-маданий мекемелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык-маданий мекемелердин абалы менен жеринен таанышты. Калаа башчысы “Лотос” үй-бүлөлүк балдар үйүндө болуп, анда жашаган балдар үчүн жаңы имарат куруу зарылчылыгы бар экенин белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине келерки жылга долбоорду даярдоо боюнча тапшырмасын берди. Ошондой эле Бакытбек Жетигенов К.Ташбаев атындагы шаардык китепканага барып шарт абалы менен […]Читать далее

Аймак

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккандыгын маалымдайт. Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бара жатышкан. Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган […]Читать далее

Президент

Кыргызстанда энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргыз Республикасын чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары […]Читать далее

Президент

«Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык Мыйзамга кол коюлду 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 24-июлунда (№ 146) «Элдик Курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Конституциялык Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Анда Элдик Курултайдын укуктук статусу, анын иш принциптери, Элдик Курултайга делегаттардын шайлануу тартиби аныкталган. Ошону […]Читать далее

Коом

Бишкек-Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган ВИП вагон күнүгө каттай баштады

Бишкек-Балыкчы багытында жүргүнчүлөрдү ташыган ВИП вагон күнүгө каттай баштады. Билет баасы: чоңдор – 800 сом, балдар үчүн – 400 сом. «Бишкек-2 – Балыкчы» поезди Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү 3 дарегинде жайгашкан «Балыкчы» бекетине 11:46да келет. «Балыкы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де […]Читать далее

Коом

Бишкек ЖЭБине Шубаркүл кенинен көмүрдүн биринчи партиясы алынып келинди

Энергетика министри Т.Ибраев Бишкек ЖЭБине барып, күз-кыш мезгилине карата даярдык иши менен таанышты. Алдыдагы жылытуу мезгилине Бишкектин ЖЭБине 1,5 миллион тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө Шубаркүл кенинен D сортундагы көмүрдүн биринчи партиясы жалпы салмагы 3200 тонна болгон 47 вагон көмүр келип түшүрүлдү. Казакстандык ОсОО “Инновациялык Гефест” компаниясы менен 550 миң тонна көмүр алып келүү боюнча […]Читать далее

Коом

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын катышуучулары 250 миңден

Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясына жарандар активдүү катыша башташты. Бүгүнкү күндө кызыктыруучу лотереяга катышуучулардын саны 251 миң 700 адамды түзүп, 3 жумада 13 миң адамга көбөйдү. 2-июлдан тартып “Салык чек” тиркемеси аркылуу кассалык чектер 1,3 млрд сомдон ашык суммага сканерленди. Эскерте кетсек, лотереянын утушунун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда […]Читать далее

Коом

Мамкурулуштун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия өткөрүлдү

2023-жылдын 21-июлунда Мамкурулуштун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү. Анда үстүбүздөгү жылдын 6 айдын ичинде аткарылган иштер жөнүндө баяндама угулду. Коллегиянын жүрүшүндө социалдык объектилерди куруунун, ченемдик-укуктук актыларды, ченемдик-техникалык документтерди, башкы пландарды иштеп чыгуунун, ошондой эле ведомство кызматкерлеринин аткаруучулук тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды. Коллегиянын жыйынтыгы боюнча бир катар түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн […]Читать далее