Бүгүн, 25- июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Ала-Тоо симфониясы” биринчи жайкы чыгармачыл мектеби долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын чыгармачыл курамынын аткаруусунда П. Чайковскийдин “Ак- куу көлү” балети көрүүчүлөргө тартууланды. Маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт. Жөлөкпулду төлөө үчүн […]Читать далее
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу жана Өзгөн районундагы салынып жаткан мектептердин курулуш иштери менен жеринде таанышты. КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мектептин сапатына жана бүткөрүү мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеп, бул иштерди толук […]Читать далее
Кыргызстанда бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алууларда тендер өткөрүү аркылуу мамлекеттик
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 25-июлунда “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ал мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууну өркүндөтүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу максатында иштелип […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. “Президент Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды”, – деп жазган өзүнүн социалдык […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэри «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ладовский көчөсүндө салынып жаткан 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу менен жеринен таанышты. Мында курулуш иши 90 пайызга бүтүп калган. Учурда бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, имараттын сыртын сырдоо, чарбалык курулуштарды уюштуруу боюнча ар тараптуу жумуштар жүргүзүлүүдө. Бала бакчанын курулушу толугу менен август айынын башында […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө, Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну Н. уулу Н. аттуу жаран мыйзам талаптарын бузуп, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган. Өз кезегинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта Н.Н.уулунун алтын казууга уруксат кагаздары жок […]Читать далее
Санариптик саламаттыкты сактоо: Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен
«Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 20 июлунда Саламаттык сактоо министрлиги Саламаттык сактоо системасынын медициналык документтер бөлүгүндө документ жүгүртүүнү электрондук документтер формасында жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитти. Бул жобого ылайык, медицина кызматкерлерине мындан ары баштапкы медициналык документтерди кагаз жүзүндө жана маалыматтык системада кайталоонун зарылдыгы жок болот, бул аларга бейтаптарга […]Читать далее
1800дөн ашуун айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылдын 8-мартынан тартып, мас абалында унаа башкарган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген. Ошол себептүү талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкаргандардын саны 17 пайызга азайып, айдоочулардын жоопкерчилиги жогорулап жаткандыгы байкалууда. 8-марттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин, 1800дөн […]Читать далее
2023-жылдын 22-июлунда Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм, эки уул жана бир кыз төрөлдү. Биринчи наристе (эркек) 1 200 г салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 г, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 г болуп төрөлгөн. Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон. […]Читать далее