Санариптик саламаттыкты сактоо: Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен бошотот

 Санариптик саламаттыкты сактоо: Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен бошотот

«Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 20 июлунда Саламаттык сактоо министрлиги Саламаттык сактоо системасынын медициналык документтер бөлүгүндө документ жүгүртүүнү электрондук документтер формасында жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитти. Бул жобого ылайык, медицина кызматкерлерине мындан ары баштапкы медициналык документтерди кагаз жүзүндө жана маалыматтык системада кайталоонун зарылдыгы жок болот, бул аларга бейтаптарга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда жарандарга электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы санариптик ден соолук профилдеринде аларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.

«Менин оюмча, бул тартип саламаттыкты сактоо уюмдарына кагаз иштерин этап – этабы менен жоюуга мүмкүндүк бере турган тармак үчүн негизги документ. Бүгүнкү күнгө чейин маалыматты кайталоо маселеси орун алганын моюнга алуу керек, бул санариптештирүү процессине кедергисин тийгизип, ага болгон ишенимди кетирген. Биз жигердүү алдыга жылып жатабыз, бирок ушуга чейин бардык медициналык документтерди кагаз түрүндө сактоого милдеттүү болчубуз. Эми биз акырындык менен кагаздан баш тартып, “санарипке” өтсөк болот», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Буйрук 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет жана электрондук документтердин укуктук статусун бекитет жана электрондук медициналык документтерди түзүү, кол коюу жана сактоо, анын ичинде алмашуу жана бейтапка берүү боюнча талаптарды белгилейт.

Белгилей кетчү нерсе, кагазсыз документ жүгүртүүгө өткөнүнө карабастан, бейтаптардын тандоо укугу бар. Эгерде бейтап же анын мыйзамдуу өкүлү медициналык документтердин көчүрмөсүн кагаз түрүндө алууну кааласа, саламаттык сактоо уюму мындай суроо-талапты кайрылган күнү канааттандырууга милдеттүү.

Связанный пост