Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт. 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат. Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 […]Читать далее
Кыргызстанда 2023-жылы мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 1 миң 400 үй-бүлө турак жайлуу болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров. Анын айтымына караганда, кыймылсыз мүлктү сатып алууга бөлүнгөн каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд сомдон ашкан. “Ипотекалык насыялардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн аймактарында ишке ашырылган немис банкынын программасынын […]Читать далее
Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев. Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда. “2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, – деп кошумчалады ал.Читать далее
Алдын ала маалымат боюнча, 2023-жылдын 11 айында Социалдык фонддун жалпы кирешеси 94 млрд 209,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалддык фондун башчысы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 22 033,1 млн сомго, же 130,5%га өстү. “Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 11 айдын ичинде алдын ала маалыматтар боюнча, […]Читать далее
Акылбек Жапаров Кыргызстандын энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, атайын техникаларды
Кыргыз Республикасынын Энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты. Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан өлкөнүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук жана бакубатчылык каалады. Акылбек Жапаров өз сөзүндө энергетика тармагында реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи. Энергохолдинг жоюлуп, өлкөнүн отун-энергетикалык комплекси […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-26-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги отурумуна жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Президенттин Администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары тарабынан Биримдиктин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 404 айыл өкмөтү жана 32 шаар мэриясы “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кошулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымына караганда, учурда маалыматтык базаны жайылтуу боюнча жумуштар аткарылууда. “е-Kyzmat регионалдык, муниципалдык, ички резервге өткөрүлчү конкурстар, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине 47 автоунааны тапшыруу аземине катышты. МинКаб Төрагасы белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1,2 млрд сом […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жалпы саны 27 миң 570ти түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымына караганда, президенттин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгында белгиленген максаттарга ылайык, агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун аброюн жогорулатуу үчүн […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүндөн тарта кезектеги коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарат. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына караганда, жалпы төрт коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылмакчы. Алар: «Тарыхый окуялар» сериясынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталары. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы […]Читать далее