Кыргызстанда 2024-жылы пенсия дагы жогорулайт

 Кыргызстанда 2024-жылы пенсия дагы жогорулайт

Келерки жылы пенсияны жогорулатууга 970 млн сом каралган, деп билдирди “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев.

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүү пландаштырылууда.

“2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсүн карайбыз, эгер алар көбөйсө, пайыздын санын жогорулатабыз”, – деп кошумчалады ал.

Связанный пост