Кыргыз Республикасынын бий спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Тбилиси (Грузия) шаарында өткөн “CAUCASUS CAP-2023” Эл аралык мелдешинде биринчи орунду ээледи. Дмитрий Блинков жана Асаль Мамбетова жаштар арасында RS категориясында жана чоңдор арасында биринчи орунду ээледи. Мелдеш 27-май күнү өтүп, 6 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Эстония, Грузия, Изриал, Латвия) келген спортчулар катышты.Читать далее
Талас шаарынын мэриясы жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы Талас ШИИБ менен биргеликте базардын айланасын ирээтке келтирүү иштерин улантууда. Бүгүн, 31-майда базардын айланасындагы тротуарларга, унаа токтотуучу жайларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында башаламан соода жүргүзүп жаткан соодагерлер үчүн көзөмөл иштери жүргүзүлдү. Рейддик иш-чаранын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуарларды тосуп, өзбилемдик менен соода жүргүзүп жаткан сатуучуларга түшүндүрүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Жылалды орто мектебинин имаратына капсула салуу аземине катышты. Ош облусуна караштуу Жылалды айылында 827 кожолукта 4561 калк жашайт. Жылалды орто мектебинин имараты 1970-жылдары “Чабандар үйү” деп курулган. Бул имаратын эскилиги жетип, авариялык абалга келген. Мектепте билим алып жаткан окуучулардын саны 636, мугалимдердин саны 36. Жылалды […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.Читать далее
«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «AH26Б» учагы Беларусь Республикасынын ЕАЭБ бажы аймагынан 2020-жылы Бириккен Араб Эмираттарына экспорттолгону аныкталган. Андан ары 2022-жылдын сентябрь айында учак Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин бажы аймагына келген. Борт «B.S.» авиакомпаниясына […]Читать далее
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Ош облусунун Алай районунун тургундарын бекер медициналык
КР Саламаттык сактоо министрлигинин алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында Ош облусунун Алай районунун тургундарын мульти-диагностикалык көчмө комплексинин кызматкерлери акысыз текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн бекер медициналык кароодон, дарылоодон жана консультациялардан, ошондой эле диагностикалык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтүүдө. Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, бул ар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” эл аралык форумуна катышты. МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев форумда сөз сүйлөп жатып, энергетикалык каатчылыкты жөнгө салуу жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маанилүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча Вице-президенти Антонелла Бассани менен эрте мененки чай үстүндө баарлашты. Жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу жана ийгиликтүү өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, мындан эки […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден-соолук” командасы утушун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү жана кам көрүү максатында, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана «Мурас» футбол турнирдин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечишти. 27-28-май күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп, анда бир нече командалар күч сынашты. […]Читать далее
Жакынкы жылдарда дүйнөлүк эмгек рыногу санариптештирүү жаатында жогорку талаптарга жооп берген жаңы көндүмдөрү бар адистерге муктаж болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги: трансформациядан жаңы доорго” аттуу конференцияда билдирди. «Ошондуктан адилеттүү трансформация 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги принциби болуп саналат. Санариптештирүү жана жашыл экономика Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн […]Читать далее