Бишкекте коомдук транспорттун ишин жакшыртуу боюнча жыйын өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын”, “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” жана жеке ташуучу компаниялардын жоопту кызматкерлери жана бригадирлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспорттогу GPS трекерлердин иштешин көзөмөлгө алуу, трекерди өз алдынча өчүргөн айдоочуларды аныктап чара колдонуу, […]Читать далее
Кыргызстанга 2024-жылдагы жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизельдик отун талап кылынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын орточо баасы бүгүнкү күндө 71,5 сом болууда. “Учурда дизельдик отундун кымбаттыгына байланыштуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63,5 сомдон дизель отуну берилип […]Читать далее
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында логистикалык борбордун курулушу башталды. Керектүү жабдыктар келип түштү. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты. Логистикалык борбордун курулушу аяктаса, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгакоо жана тоңдуруу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт. Борбор жеке ишкер Махамат Жумабаев тарабынан каржыланып жатат. Ошондой эле USAID уюмунун Агро соода долбоору колдоо көрсөтүп, жалпы суммасы 50 миң […]Читать далее
УКМК: «Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү
«Баткен-Комфорт» базарынын акцияларынын контролдук пакети мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу КРнын УКМК маалымдады. Мурда аныкталган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 4-чакырылышынын мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Аскар Шадиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мүлк боюнча комитетинин төрагасынын ыйгарым укуктарынан пайдаланып, менчиктештирүү жана лицензиялоо, […]Читать далее
2024-жылдын 8-январында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасындагы санариптик трансформация тармагындагы бюджетти колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 3 млн евро (295 млн сом) которду. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз билдирди. Аталган гранттык каражаттар КР Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу Жогорку технологиялар паркындагы санариптик компетенциялар боюнча инновациялык борбордун ишин жеңилдетүү […]Читать далее
Эквадордо кылмыштуу топтор менен укук коргоо органдарынын ортосундагы куралдуу кагылышуулардын натыйжасында полиция кызматкерлери жана жарандар арасында курман болгондор бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргызстандын Америкадагы жана Канададагы элчилигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок, ошондой эле Эквадордо консулдук каттоодо КР жарандары да жок. 2024-жылдын 8-январында Эквадордун президенти Даниел […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мурда […]Читать далее
Кытайлык Junxin Environment Protection компаниясы Бишкекке таштандыларды өрттөөчү ири завод курат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев жетектеген делегациясы мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Кытайдын Чанша шаарында курулган экологиялык жактан таза, таштандыларды өрттөөчү Junxin Environment Protection ири заводунун иши менен таанышты. […]Читать далее
Бүгүн, 10-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов менен Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, тараптар эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле жолушууда укуктук базаны өнүктүрүү […]Читать далее
Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн “Китеп искусствосу” эл аралык сынагында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жеңүүчүлөр менен жолугуп, эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады. Белгилесек, 2023-жылдын аягында Россиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл […]Читать далее