Жогорку Кеңеш

VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи сессиясынын иши аяктады

Бүгүн, 29-июнда VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи сессиясынын иши жыйынтыкталды. Жыйын Кыргыз Республикасынын гимни менен аяктады. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 32-беренесине ылайык: “Жогорку Кеңештин сессиясы сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана келерки жылдын июнь айынын акыркы жумуш күнүнө чейин уланат».Читать далее

Коом

Акылбек Жапаров: Мамлекет калктын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык кызматтарга

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Куттуктоо сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, элдин ден соолугу – мамлекеттик саясатта негизги артыкчылык экенин билдирди. “Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө дени сак элдин көп болушу маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Президент кабыл алган […]Читать далее

Коом

Бишкекте жылдын аягына чейин 14 бала бакчанын курулушу бүтөт

Борбор калаада курулуп жаткан бала бакчаларга пресс-тур өткөрүлдү. Журналисттер конуштардагы бала бакчалардын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Биринчи объект Калыс-Ордо конушу болду, анда 140 орундуу жана 7 тайпага ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталган. Имараттын аянты 1390 м2, аянты 0,68 га. Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн – зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана,  жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин […]Читать далее

Укук тартиби

Баткенде 480 миң сомдон ашык суммадагы чарбалык товарларды контрабандалык жол

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча бажы контролунун алкагында иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктаган. Өзбекстан Республикасынын жараны «Х.Ж.Р.у.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаанын жүк салуу бөлүгүн текшерүү учурунда Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБ бажы аймагына […]Читать далее

Коом

Мамлекеттик катчы 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин ачылыш аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 29-июнда, 19-Батыш Кытай эл аралык жарманкесинин ачылыш аземине катышты. Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө белгилегендей, бул иш-чара өткөрүлгөн жылдар аралыгында, эл аралык жарманке Кытай менен чет мамлекеттердин ортосундагы соода жана инвестиция жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн Батыш Кытайдын маанилүү аянтчасы болуп калды. Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: 2010-жылы саламаттыкты сактоо системасынын консолидацияланган бюджети 5 млрд

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстандын урологдорунун IV Эл аралык форумуна катышты. “Саламаттык сактоо негизги социалдык тармактардын бири. Бул багытта мүмкүнчүлүктөр чексиз экендигин жакшы билебиз. Бүгүн биз көптөгөн кыйынчылыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө туш болуп жатабыз. Медицина тынымсыз өнүгүп жатат, урология дагы четте калбайт. Жаңы технологиялар жана диагностикалык ыкмалар […]Читать далее

Коом

Ошто медицина кызматкерлеринин күнүнө карата “Кыз-жигит” сармердени өткөрүлдү

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов жана шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү кесиптин ар бир өкүлүнүн калктын саламаттыгын чыңдоого кошкон […]Читать далее

Коом

Бишкекте автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү улантылууда

Шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун ыңгайлуулугу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы автобекеттердин айланасын көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө Батыш автобекетинде автобустардын ыңгайлуу өтүшү үчүн бригада бордюрларды орнотууда, монтаждоо иштери аяктагандан кийин асфальттоо жана мурда орнотулган бетон тосмолорун алып салуу пландалууда. Ошондой эле, бардык иштер аяктагандан кийин Чыгыш автобекетин көрктөндүрүү иштери башталат . Ал жерге таман таштар […]Читать далее

Коом

Нарында мыкты шырдактар аныкталды

28-июнда өткөн «Кырг­ыз шырдагы» эл ара­лык фестивалында 230дан ашык шырдак кароо-сынакка коюлуп, мыкты деп табылган уздардын эмгектерине акчалай сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады. “Мурас шырдагы” номина­циясы боюнча баш байге Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылынын тургуну Гүлсүн Калы­ковага ыйгарылды. Ал кайынэнеси 1933-жылы жасаган шырдакты […]Читать далее

Коом

Борбор калаада медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында медицина кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналган иш-чара өттү. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров дарыгерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, муниципалитеттин сыйлыктарын тапшырды. Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата юбилейлик медалдар менен: – Кудаяров Дүйшө Кудаярович – Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент; – Раимжанов Абдухалим Раимжанович – Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, мүчө-корреспондент; […]Читать далее