Ленин районунун акиминин орун басары Айзада Жунусова 1-класстан 4-класска чейинки балдар катышкан №47 орто мектебинин «Достук» мектеп лагеринин жабылышына катышты. Акимдин орун басары балдарды жайкы эс алуулары менен куттуктап, аларга жакшы, кызыктуу жана көңүлдүү эс алууларын, жаңы окуу жылына жаңы күч-кубат алууларын каалады. Быйылкы жылы Ленин районунун аймагында №25, 40, 42, 47, 55, 79,80,96, 97 […]Читать далее
«Ош базары» соода базар комплексинин аймагында башаламан соодага каршы мобилдик топ ишин улантууда. Алсак, 2023-жылдан баштап «Ош базары» СБК аймагында Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан Ленин райондук ички иштер башкармалыгы, «Тазалык» мугиципалдык ишканасы менен биргеликте 89 рейддик иш-чара өткөрүлүп, башаламан сооданы жайылткан 154 объект (кол чатырлар, чатырлар, столдор, темир конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) алынды. 23 […]Читать далее
Баткенде 2 млн сомдон ашуун аткезчилик жүк аныкталды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, бажычылар Э.Д.А.аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда, Кыргызстанга ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган жүк коштоочу документтери жок айнек аныкталган. Жүктүн жалпы салмагы 15 миң 484 кг, орточо базар баасы 2 млн 259 миң 750 сомду түзөт. […]Читать далее
Президент: «Асман» шаарынын долбооруна акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого
“Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам”, – – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылып, шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан […]Читать далее
““Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи. Мамлекет башчысы көл жээгине заманбап шаар салуу […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы мунай заттарды өндүрүүчүлөргө жана импорттоочуларга 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынарын эскертет. Демек, көрсөтүлгөн күндөн баштап суюлтулган көмүрсуутек газын өндүрүүдө жана импорттоодо салык мыйзамдарынын ушул ченеми эске алынышы керек.Читать далее
Баткен шаарында шаар мэри Имамназар Бурханов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды. Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр муктаж жарандар үчүн таратылып берилет. Бүгүн да бир канча муктаж жарандарга акысыз азык-түлүк таратылганын казыяттан маалымдашты. Фуркат Авлиёевдин […]Читать далее
Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-июнундагы №353- буйругунда белгиленгендей, уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, […]Читать далее
«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилиндеги Оштон учуп келген биринчи авиакаттамды кабыл алды. Бүгүн, 2023-жылдын 30-июнунда «Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учуп кетти. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаевдин жетекчилиги астында коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан үстүбүздөгү жылдын беш айында кылмыштуулук менен күрөшүү, бетин ачуу, алдын алуу жана кошумча уюштуруу иш-аракеттери жөнүндө маселелер каралып, бул багытта аткарылып жаткан ар тараптуу […]Читать далее