Президент

Президент Садыр Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө чоң маани берерин белгилеп, […]Читать далее

Коом

Таласта шаар көчөлөрүнүн кесилиштерине газон өстүрүлөт

Шаар аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Талас шаарынын борбордук көчөлөрүнүн кесилиштерине газон өстүрүлөт. Бүгүнкү күндө Талас жашыл чарба муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан газон өстүрүлө турган жер аянттарынын орду даярдалып, отоо чөптөрдөн тазаланды. Жакынкы күндөрдө газон эгүү иштери жүргүзүлөт.Читать далее

Укук тартиби

МБК контрабандалык автотетиктерин ташып келүү фактысын аныктады, келтирилген зыяндын суммасы

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда колдонулган ассортименттеги автотетиктердин декларацияланбагандыгы фактысы аныкталды. Товар Литва Республикасынан автотранспорттун жүк бөлүгүндө келген. Унаага карата бажы операциялары жүргүзүлгөн. Бирок, автоунаалардын тетиктери бажы органына өз убагында көрсөтүлбөй, тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнбөй келген. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 207 миң 928 сомду түзгөн. Факты КБР […]Читать далее

Коом

Кесиптик лицейлердин базасындагы жайкы лагерлерде 1 миңден ашуун бала эс

2023-жылдын 1-июлунан тарта №85 кесиптик лицейдин базасында “Келечек” жайкы лагери өз ишин баштады, мында 300 бала эс алат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу балдарды жайкы лагердин ачылышы менен куттуктап, аларга эс алуу убактысын пайдалуу өткөрүүнү каалады. “Баланын толук кандуу өнүгүүсү жана калыптануусу үчүн жайкы эс алуунун мааниси чоң. Балдар үчүн […]Читать далее

Коом

Мэрия Бишкек жана Баткен ишкерлери үчүн бизнес-жолугушуу уюштурду

Бишкек шаарынын мэриясында Бишкек жана Баткен шаарынын ишкерлеринин онлайн бизнес жолугушуусу өттү. Иш-чараны Бишкек жана Баткен шаарларынын мэриялары уюштуруп, ага Венгрия-Кыргыз жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонддорунун, Кепилдик фондунун өкүлдөрү, Бишкек жана Баткен шаарларындагы кичи жана орто бизнестин ишкерлери катышты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 201 тескемеси менен Бишкек шаарынын мэриясына Баткен шаарынын мэриясына […]Читать далее

Коом

АКШ элчилиги жергиликтүү өнөктөштөр менен бирге Бурана мунарасын сактоо жана

2023-жылдын 30-июнунда, АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги, тарыхый Бурана мунарасын консервациялоо боюнча долбоордун аяктоо аземин өткөрдү. Аземге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өкүлдөрү жана башка жергиликтүү өнөктөштөр катышты. Долбоор мунаранын бузулган кароол аянтчасынын кыштарын калыбына келтирүүнү, анын жер титирөөгө туруктуулугун сейсмикалык жактан баалоону, консервация тармагындагы кызматкерлердин потенциалын жогорулатууну жана мунаранын тарыхын жана маданий маанисин коомчулукка […]Читать далее

Билим

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 17-июлда башталат

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-204-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда баштала тургандыгын билдирет. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт. ЖРТ электрондук талону менен өтүнмө берүү : I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин; II тур – 24-июль саат 8:00дөн […]Читать далее

Коом

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргыгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 3-июлунан 6-июлуна чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону ӨКМ сунуштайт.Читать далее

Коом

Нарын дарыясына экскаватор менен кирип кеткен адам изделүүдө

КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматына 2-июлда саат 15:22 чамасында Куланак айылындагы Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар сууга кирип кеткендигин билдирген. Мындан улам Нарын шаардык жана райондук №16 ӨККБдөн 5 куткаруучу АК унаасы менен издөө […]Читать далее

Коом

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи этабындагы башкы

1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын башкы байгелери ойнотулду. Түз эфирдин жүрүшүндө 10 электромобилдин жана чет өлкөгө 3 жолдомонун ээлери аныкталды. Утушка “Салык чек” тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 6,5 миллиондон ашык ID– номерлери менен 238 миңден ашык жаран катышты. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы […]Читать далее