Ош облусунда жыл аягына чейин 500 чакырым жол асфальтталат

 Ош облусунда жыл аягына чейин 500 чакырым жол асфальтталат

Ош облусунда 2026-жылы жалпысынан 500 чакырым жолду асфальттоо пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Анын ичинде Араван районунда республикалык бюджеттин эсебинен 80,8 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.

Буга чейин Ноокат – Араван – Дөбө-Коргон багытындагы 6,4 чакырым, Партсъезд – Ленин багытындагы 4 чакырым жана Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон багытындагы 8,1 чакырым жол асфальтталып, пайдаланууга берилген.

Мындан тышкары, Араван районунда дагы асфальттоо иштери аяктаган жолдор пайдаланууга берилүүдө. Пландалган жол курулуш иштерин жыл аягына чейин толук бүтүрүү күтүлүүдө.

Связанный пост