Жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы ачылды
КР Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, “Ак-Кеме” мейманканасынын реконструкциядан кийинки ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын башында конокторго жүргүзүлгөн иштер тууралуу видеоролик жана мейманкана комплексинин жаңыланган мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Андан соң Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жыл аралыгында борбор калаада өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен айырмаланган көптөгөн маанилүү объектилер курулганын белгиледи.
Алардын бири – “Ак-Кеме” мейманканасы. Бул имаратта чет өлкөлөрдөн келген коноктор тосулуп, эл аралык жолугушуулар, иш-чаралар өткөрүлүп, өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында көптөгөн окуялар жүз берген.
“Тилекке каршы, илгери үмүт менен “Ак-Кеме” деп аталган бул мейманкана мезгилдин өтүшү менен каралбай, дээрлик иштебей турган абалга келген.
Мындай шартта биздин алдыбызда эки жол турган эле: биринчиси, ушул сындуу объектилердин акырындык менен жараксыз абалга келишине көз жуумп коюу, ал эми экинчиси, аларды натыйжалуу башкаруунун жолун таап, инвестиция тартып, кайрадан элге жана мамлекетке кызмат кылган заманбап объектиге айландыруу. Биз, албетте, экинчи жолду тандадык”, – деди Садыр Жапаров.
2023-жылы “Ак-Кеме” мейманканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилген. Андан кийин инвестициялык механизмдерди колдонуп, объектини толугу менен жаңылоо боюнча иштер башталды.
Олуттуу инвестиция тартылып, имараттын инженердик системалары, техникалык жабдуулары жана инфратүзүмү жаңыланып, ичи-тышы заманбап талаптарга ылайык келтирилди.
“Кыргызстан ушу тапта өнүгүүнүн жаңы этабында турат. Биз өлкө боюнча социалдык объектилерди, жолдорду, мектептерди, аэропортторду, спорттук жана туристтик инфратүзүмдү куруп, туруп калган мурдагы объектилерди кайра жандандырып жатабыз.
Ошентсе да, өлкөнүн өнүгүүсү бир гана жаңы имараттарды куруу менен өлчөнбөстүгүн айта кетейин. Мамлекеттин колунда турган ар бир актив натыйжалуу иштеп, экономикага киреше алып келип, жумуш орундарын түзүп, элге кызмат кылышы керек. Бүгүнкү күндө “Ак-Кеменин” жаңыланышы — дал ушундай мамлекеттик мамиленин айкын бир мисалы!
Мамлекет инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп, жеке сектор өз каражатын, тажрыйбасын жана башкаруу мүмкүнчүлүгүн жумшаганда, жыйынтыгында заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү объектилер пайда болот”, – деп баса белгиледи Президент.
Садыр Жапаров бул имараттын тарыхына да токтолду. Ал Аскар Акаев президент болуп турганда Түркиядан келген ишкерлер тарабынан курулган. Кийинчерээк ишкерден имаратты алып коюшкан. Анда сот Кыргызстан 16,5 миллион доллар төлөп берүүгө же имаратты кайтарып берүүгө милдеттүү деген чечим чыгарган.
“2020-жылга чейин 30 миллионго чейин өскөн. Анткени “Силер эгерде убагында соттун чечимин аткарбадыңар”, – деп, ар бир күнүнө 15 миң доллардан үстөк пайызын өстүрүү чечими кабыл алынган.
2021-жылы түрк ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, “Тынчтык келишими менен бүтүрүшөлү” деп туруп, болгону 6,5 миллионго чейин түшүрүп: “6,5 миллионду төлөп берели, ошону менен анда мировой келишим түзөлү, силер соттогу дооматыңарды кайра алгыла”, – деп сунуштадык.
2023-жылы, 2 жыл бою сүйлөштүрүп отуруп, ийге келтирип, анан кийин бул имараттын башын бошотуп, соттон алар дооматын алышкан. Болбосо алар биздин чет өлкөдөгү имараттарды, Улуттук банктын Швейцарияда жаткан алтынына чейин “камакка алдыралы”, болбосо “чет өлкөдөгү мүлктөрүн алалы” деп калган мезгил экен.
Анан биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. “Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100% мамлекетке өткөрүп бергиле”, – деп келишип атып, анан өткөрүп бергенбиз”, – деди Президент жана бүгүнтөн баштап инвестор мамлекетке ай сайын 60 миң доллар ижара акы төлөй турганын кошумчалады.
Өлкө экономикасы күчтүү инвестициялык импульс алып жатканы өзгөчө белгиленди. 2025-жылы Кыргызстанга түз чет элдик инвестициялардын агымы 1 млрд 311 млн АКШ долларын түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 27%га өстү.
Садыр Жапаров бул чет өлкөлүк инвесторлор кыргыз экономикасына ишенип, аны менен өздөрүнүн узак мөөнөттүү пландарын байланыштырып жаткандыгынын түздөн-түз далили экенин айтты.
Ал ошондой эле Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинде үстүбүздөгү жылга карата жалпы көлөмү 456 млрд сомдон ашуун 90дон ашык инвестициялык долбоор бар экенин кошумчалады. Алардын 71и иш жүзүнө ашырылууда, калганында даярдык иштери жүрүп жатат. Бул долбоорлор аймактарды өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздук, транспорттук инфратүзүм, жана экологиялык маселелерге багытталган.
Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында 2025-жылы 273 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлдү.
“Кыргызстан дүйнөгө эшигин кеңири ачып жатат. Өлкөбүзгө келген туристтердин, ишкерлердин жана чет өлкөлүк меймандардын саны арткан сайын, аларга көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты да ошого жараша жогорулашы керек. Айрыкча, Кыргызстандын жүрөгү, өлкөбүздүн жүзү Бишкек шаарында.
Ордо калаада мамлекеттик жана расмий иш сапарлар, эл аралык жолугушуулар, форумдар жана башка ири иш-чаралар өткөрүлөт. Ошондуктан борбор шаарда дүйнөлүк талаптарга жооп берген мейманканалардын, конференц-залдардын жана тейлөө инфратүзүмдөрүнүн болушу өтө маанилүү!”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы жана 174 номер, конференцияларды жана ар кандай ишкердик жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу залдары, ресторандар, спорттук жана эс алуу инфратүзүмү болуп, баары жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы дал ушул талаптарга жооп берип, Бишкектин меймандостугун дагы бир баскычка көтөрөт деп ишеним артты.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлорго, куруучуларга, инженерлерге, архитекторлорго жана бардык адистерге ыраазычылык билдирди. Ал “Ак-Кеме” мейманканасын кайра жандандыруу мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу кызматташтыгынын аркасында мүмкүн болгонун белгиледи.
Мамлекет башчысы жаңыланган мейманкана өлкөгө келген конокторду салттуу улуттук меймандостук менен тосуп алып, Бишкек шаарынын жана жалпы Кыргызстандын аброюн бекемдөөгө салым кошуп, маанилүү жолугушууларды өткөрүү, жаңы идеяларды жаратуу жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди ишке ашыруу үчүн аянтча болушун каалады.
Андан соң Президент Садыр Жапаров мейманкананы кыдырып көрдү. Ал заманбап ыңгайлуулук жана коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган ар кандай категориядагы мейманкана номерлери, ошондой эле комплекстин ресепшн, конференц-залдар, ресторан жана эс алуу зонасы сыяктуу негизги аймактары менен таанышты.