Ош шаарынын балансына 29 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

 Ош шаарынын балансына 29 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Ош шаарынын балансына 29 млн сомдук жер тилкеси кайтарылып, мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан КР Жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алып, 29 млн 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.

Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) ылайык кылмыш иши козголду.

Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.

Связанный пост