Си Цзиньпин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

 Си Цзиньпин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 6-декабрда Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында сиз менен жолугушууну ийгиликтүү өткөрүп, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана «Бир алкак – бир жол» демилгесин биргелешип куруу боюнча терең пикир алмаштык жана маанилүү консенсуска жетиштик, муну менен кытай-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн жаңы багыты жана планы белгиленди.

Кытай менен Кыргызстан – ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана Сиз менен болгон жеке достугубузду жана жакшы иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм жана биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн Сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Си Цзиньпин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык иштерине ийгилик каалады.

Связанный пост