Орунбеков: Айдын аягында 300 миң мамкызматкер жогорулатылган айлык алат

 Орунбеков: Айдын аягында 300 миң мамкызматкер жогорулатылган айлык алат

Айдын аягында социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкер көбөйтүлгөн айлык алат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Дайырбек Орунбеков белгилегендей, акыркы 5 жылда мезгил-мезгили менен айлыктар жогорулап жатат. Акыркы ирет ушул жылдын 1-апрелинен тарта айлык орточо 100% көбөйтүлдү. Мындан тышкары, реформанын алкагында 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди.

Жыйынтыгында, мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики 40 миң сомдон 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот. Бул жогорулатуу жалпы жонунан социалдык чөйрөдө иштеген 300 миңге жакын кызматкерди камтыйт.

“Шаардагы эмгек стажы жок жаш мугалим болжол менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт. Салык төлөмдөрү кармалгандан кийин, колуна 32 миң сомдун тегерегинде тиет. Бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык эмгек стажы бар тажрыйбалуу мугалим мурда болжол менен 65 миң сом алса, азыр анын айлыгы 104 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 90 миң сом тиет. Ал эми шаарда иштеген башталгыч дарыгердин айлыгы болжолду 17 миң сом болсо, эми 42 миңдин тегерегинде болот. Тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу дарыгер мурда болжол менен 52 миң сом алса, апрелден тартып анын айлыгы 91 миң сомдун тегерегине жетет. Колуна болжол менен 75 миң алат”, – деп айтты Орунбеков.

Связанный пост