Музейлерди санариптештирүү иштери башталды

 Музейлерди санариптештирүү иштери башталды
Бүгүн,16- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун өнөктөштүк долбоору ишке кирди.
Мындай мүмкүнчүлүк музей системасынын ишин жакшыртууга, ошондой эле, жалпы жарандар үчүн экспонаттарды онлайн форматта көрүүгө шарт түзөт.
Ачылыш иш- чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Кореянын  Кыргызстандагы Элчиси Ли Вон Чжэ мырза, Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун өкүлдөрү катышты.
Аталган долбоор 2022-2025-жылдарга ишке ашырууга пландалып, жалпы бюджети 3 миллиард вонду түзөт.
Долбоордун программасы, Кыргызстандагы материалдык жана материалдык эмес маданий ресурстардын абалын изилдөө, музейлер жөнүндө (локациясы менен) жана музейдеги музей буюмдары жөнүндө ж.б. кеңири маалыматтарды камтыган Музейлердин маалымат системасын түзүү жана ишке киргизүү, окутуу жана тренинг өткөрүү жана музейлер үчүн техникалык жабдуулар жана материалдар менен камсыз кылууну камтыйт.
Долбоордун алкагында 2022-жылдын апрель айында Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигинин алдындагы Азия Маданий Борборунун өкүлдөрү Кыргызстандагы музейлердин ресурстары, абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Улуттук тарых музейди, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейи жана Ысык- Көл облусундагы Өрнөк айылындагы К. Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборун тандап алган.

Связанный пост