Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби бекитилди

 Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби бекитилди

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби бекитилди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган чечим “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41 жана 42-беренелерин ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарга монополиялык жогорку (төмөн) баа коюлгандыгы аныкталган учурда монополияга каршы орган тарабынан Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоонун тартиби колдонулат.

Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин кабыл алуу менен үстөмдүк кылуучу ишканалардын кыянатчылыктарын кароодо белгисиздик жана укуктук вакуум жоюлат.

Связанный пост