Tags :новости

Коом

Кеминде “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалы ачылды

 Чүй облусунун Кемин шаарында “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын филиалынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Салтанат Өмүрканова, “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова, Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев, шаардык кеңештин депутаттары, Кемин райондук […]Читать далее

Коом

“МЭА” ААК Башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Ысык-Көл” жана “Каракол” эл

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы – Башкы директору Манас Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып келди.  Сапардын максаты «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун иштеринин жүрүшү менен таанышуу жана текшерүү болду. Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандары тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышып өттү. «Ысык-Көл» аэропортуна болгон иш сапар учурунда […]Читать далее

Коом Саясат

Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары […]Читать далее

Саясат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кыргыз-британ инвестициялык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУ жана Шериктештиктин Түштүк жана Борбордук Азия маселеси боюнча мамлекеттик министри, лорд Тарик Ахмад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер түзүлгөндөн берки 30 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, саясий, экономикалык жана […]Читать далее

Коом Медицина

Өлкөдө эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпы 2,1 миң учуру катталган

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө башталгандан бери, тактап айтканда, 2021-жылдын 29-мартынан тарта, эмдөөдөн кийинки терс таасирлердин жалпысынан 2115 учуру катталган. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде: «Синофарм» вакцинасынан – 1522 (0,06%), «Спутник V» вакцинасынан – 428 (0,37%), «Aстра Зенека» вакцинасынан – 120 (0,07%), «Пфайзер» вакцинасынан – 39 (0,01%), «Спутник Лайт» вакцинасынан […]Читать далее