Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча 17,87 млн евро суммасындагы келишимге кол койду

 Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча 17,87 млн евро суммасындагы келишимге кол койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев маалымдагандай, Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейин Улуттук өнүгүү стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы кабыл алынган жана экономикалык өсүштү тездетүү жана ата мекендик экономиканы дүйнөлүк процесстерге интеграциялоо негизги милдет бойдон калууда.

«Кыргыз Республикасынын 2050-жылга карата көмүртектин нөлдүк эмиссиясына жетишүү боюнча милдеттенмесинин алкагында келечекте жашыл экономикага өтүү артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Жакында эле энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча жаңы мыйзам кабыл алынды, анда чакан гидроэнергетикага укуктук нормаларды жөнгө салуучу, көмүртек колдонбостон энергия булактарына өтүү үчүн жеңилдетилген тарифтер белгиленген», – деди ал.

Адылбек Касымалиев көптөгөн инвесторлор азыртадан эле чакан ГЭСтерди жана күн станцияларын куруу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгып жатканын белгиледи.

«Бул долбоорлорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексиндеги “жашыл” экономиканы жана аз көмүртектүү технологияларды колдоо боюнча ченемдер өбөлгө түзөт. Муну эске алуу менен биз Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын бир гана гидроэнергетикага жана анын альтернативдүү булактарына эмес, жашыл экономика тармагындагы башка өз ара пайдалуу чөйрөлөргө инвестициялоо аркылуу кызматташууга чакырабыз», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одил Рено-Бассо өз кезегинде кыргыз делегациясына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары каржы институту Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жардам көрсөтүп келгендигин белгиледи.

«Учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча стратегиясын жактайт. Биздин инвестициялык долбоорлордун жарымы учурда “жашыл” багытта болуп саналат жана бул дагы бекемделип, кеңейтилет», -деди Одиль Рено-Бассо.

Анын айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын маанилүү приоритети мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун алкагында кичи жана орто бизнести колдоо бойдон калууда.

«Учурда биздин кардарларыбыз саналган бизнес-компаниялар Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү “жашыл” долбоорлорго кызыкдар жана алар үчүн маанилүү позициялар боюнча жагымдуу шарттарды түзүү зарыл. Биз дагы дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин күчөп бара жатканын эске алуу менен айыл чарбасын өнүктүрүү жаатындагы аракеттерибизди улантышыбыз керек. Биргелешкен аракеттердин дагы бир багыты бул жаш муундун дараметин эске алуу менен санариптештирүү тармагы саналат”, – деп белгиледи Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17,87 млн евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду.

Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тараптан аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.

Связанный пост