Махабат Шамбетова Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды

 Махабат Шамбетова Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп дайындалды
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Махабат Шамбетованы архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси кылып дайындады.
Буга чейин ал «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинде жана «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасында иштеген.
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамдын 17-беренесине, КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Связанный пост