Ишкерлердин 77 пайызы ККМди милдеттүү түрдө пайдаланууну колдойт

 Ишкерлердин 77 пайызы ККМди милдеттүү түрдө пайдаланууну колдойт

2022-жылдын сентябрында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага жалпысынан 700дөн ашык салык төлөөчү – жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер катышышкан.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, 53 % ККМ колдонууну толугу менен колдойт, 24 % нейтралдуу, ал эми 16 % колдобойт жана 7 % каршы.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 60 миңден ашык ишкерлер ККМ колдонот. Алардын саны жыл ичинде үч эсеге өскөн.

ККМди соода жана коомдук тамактануу түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, май куюучу жайлар, интернет-дүкөндөр, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүчү жана калк менен накталай же накталай эмес эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруучу башка субъекттер колдонушу керек.

 

Связанный пост