“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,2 млрд сом каржыланды

 “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,2 млрд сом каржыланды

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору боюнча 1,2 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигин басма сөз кызматы маалымдады.

2024-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы №22-т тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоору бекитилди. Долбоордун максаты 2024-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүнү жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу андан ары өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Аталган Долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд. сом суммасын түзүүдө. 2024-жылдын 18-апрелине карата бул Долбоордун алкагында республиканын 3 024 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1 244,8 млн. сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген, анын ичинде: – “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 1 130,4 млн. сом суммасында 2 668 субъектти түзөт; – “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 114,4 млн. сом суммасында 356 субъектти түзөт.

(млн сом)

  Берилген кредиттердин саны Долбоорду өздөштүрүү суммасы
Республика боюнча бардыгы 3 024 1 244,8
1 Чүй облусу 487 194,2
2 Ысык-Көл облусу 401 146,8
3 Талас облусу 251 101,9
4 Нарын облусу 418 170,7
5 Жалал-Абад облусу 790 338,9
6 Ош облусу 503 219,6
7 Баткен облусу 174 72,7

 

Связанный пост