Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания мындан ары КНС төлөшөт

Кыргыз Республикасында электрондук түрдө кызмат көрсөтүүчү 15 чет өлкөлүк компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгын төлөөчү катары катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматка ылайык, Нидерландыда катталган 4 компания, АКШда, Улуу Британияда, Россияда экиден жана Ирландияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Арменияда, Казакстанда, Кипрде бирден компания Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өтүштү.

Азыркы учурда, сервистин тейлөө функциясы электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмга КНС боюнча салык төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 “Google салыгы” – жеткирүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

КНСтин ставкасы ишке ашырылган кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12%ды түзөт.

Связанный пост