Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

 Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метр чатыры жана 15 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Новониколаевка айылында “Бак-Сарай” ресторанынын очокканасынын жалпы 360 чарчы метр чатыры, ички жасалгасы, 2 куб метр отун күйгөн жана 2 газ баллон жарылган. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылында жолдун боюнда “Жигули” үлгүсүндөгү жеңил унаанын бампери, 4 дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Связанный пост