Кыргызстанда айрым товарларды маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди

 Кыргызстанда айрым товарларды маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди. Тийиштүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесин ишке ашыруу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү контрафакттык продукциядан коргоону камсыздоо, товарларды эсепке алынбаган/контрабандалык ташып өткөрүүнү башкарууну күчөтүү жана көмүскө жүгүртүүнү кыскартуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө жогорку натыйжалуу курал болуп саналаарын белгилей кетүү керек.

Мындан улам жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

– Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө жобо;

– Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмеги жана милдеттүү маркалоону киргизүү мөөнөттөрү.

Связанный пост