Кыргызстан менен Сербиянын Тышкы иштер министрлери кызматташуу программасына кол коюшту

 Кыргызстан менен Сербиянын Тышкы иштер министрлери кызматташуу программасына кол коюшту

Кыргызстандын жана Сербиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Ивица Дачич сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тышкы саясий ведомстволордун 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.

Ошондой эле тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Сербия ТИМдеринин Дипломатиялык академияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга да кол коюшту.

Эскерте кетсек, Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич күн мурун, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Сербиянын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүүсү пландалууда.

Связанный пост