Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттырат

 Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттырат

Кыргызстан менен Өзбекстан саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын арттырат. Бул тууралуу маселе КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Асилбек Худояровдун жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу ушул күндөрү Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынына катышуунун алкагында өттү.

Жолугушууда ведомстволордун жетекчилери саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү боюнча жалпы каалоолорун ырасташты. Алар саламаттык сактоонун улуттук системаларын өнүктүрүүдөгү эң актуалдуу маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашышты.

Медициналык билим берүү тармагындагы иш-чараларды координациялоого, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

“Кыргызстан үчүн фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү. Биз “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу калкыбызды сапаттуу дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо үчүн кызматташууга даярбыз”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Связанный пост