Ала-Букада 41 айылдын жарымы таза суу менен камсыздалган

 Ала-Букада 41 айылдын жарымы таза суу менен камсыздалган

Учурда Ала-Бука районундагы 41 айылдын болжол менен жарымы ичүүчү суу менен камсыздалган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун активи жана тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда беш айылда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Аларды 2028-жылы аяктап, пайдаланууга берүү пландалууда. Ал эми калган калктуу конуштарда долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

Связанный пост