Кыргызстан менен Ирандын саламаттык сактоо министрлери кызматташтыкты талкуулады

 Кыргызстан менен Ирандын саламаттык сактоо министрлери кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ирандын саламаттык сактоо министри Бахрам Эйноллахи менен жолугушту.

 

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында болуп өттү.

 

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн, атап айтканда, фармацевтиканы өнүктүрүү, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана тажрыйба алмашууну талкуулашты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууга макулдашты.

Связанный пост