Амангелдиев Катардын соода жана өнөр жай министрлигинин мамлекеттик министри менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Катар Мамлекетине болгон жумушчу сапарынын алкагында Катар Мамлекетинин соода жана өнөр жай министрлигинин тышкы соода маселелери боюнча мамлекеттик министри Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулап, өзгөчө товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Сүйлөшүүлөрдүн маанилүү темаларынын бири эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу зарылчылыгы болду. Тараптар түз аба каттамын өнүктүрүү товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө, ишкердик байланыштарды жандандырууга, туристтик агымдарды кеңейтүүгө жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташтыкты координациялоонун жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүү механизми катары экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Катар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи сессиясын жакынкы аралыкта өткөрүү зарылдыгын баса белгилешти.
Данияр Амангелдиев кыргыз тараптын Катар Мамлекети менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин тастыктап, соода-экономикалык, инвестициялык жана өнөр жай чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнүн олуттуу потенциалын белгиледи.
Өз кезегинде Ахмед бин Мохаммед Аль-Саид катар тараптын өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен демилгелерди илгерилетүү жана эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.