Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

 Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

 Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча биринчи орунга чыкты.

Аталган уюмдун сайтында Түркиянын Анталия шаарында өткөн Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинен кийин жаңыланган рейтинг жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) аталган турнирде 58 миң балл менен алтын медаль тагынышы анын рейтингдин сап башына чыгышын шарттаган.

Тыныбековадан кийин экинчи орунга япониялык спортчу Сакура Мотоки илинсе, экинчиликте новергиялык Грэйс Якоб Буллен турат.

Связанный пост