КРВИ боюнча колл-борборлор иштеп жатат
Бишкекте балдарынан курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) алгачкы белгилери байкалган ата-энелер дарыгерден аралыктан кеңеш ала алышат. Бул үчүн шаардагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда атайын колл-борборлор иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунан эскертишти.
Балада оорунун белгилери байкала баштаса, ата-энелер колл-борборлорго чалып, адистерден кеңеш алса болот. Дарыгер баланын абалына жараша мындан аркы аракеттерди түшүндүрүп, кошумча текшерүүдөн өтүү же ооруканага жаткыруу зарылдыгын аныктоого жардам берет.
Мындай мүмкүнчүлүк медициналык мекемеге дароо барбастан, өз убагында адистерден кеңеш жана керектүү сунуштарды алууга шарт түзөт.
Колл-борборлордун телефон номерлери:

