Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда 3 унаа кагышып, 3 адам жабыркады

 Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда 3 унаа кагышып, 3 адам жабыркады

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда жүк ташуучу унаа, Hyundai Sonata жана Ford Focus катышкан жол кырсыгынан үч адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгы 22-ноябрда саат 16:30 чамасында жолдун 134-чакырымында болгон. Чыгышты көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун ортосундагы тосмону сүзүп, каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал жерден Hyundai Sonata жана Ford Focus үлгүсүндөгү жеңил унаалар менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алган. Алар Кемин райондук ооруканасына жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Связанный пост