Бир жумада 21 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2026-жылдын 13-ноябрынан 19-ноябрына чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 624 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 902;
- Мас абалында автотранспорт каражатын башкаруу — 459;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 193;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 765;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 978;
- Авто ээнбаштык — 33;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 1 310;
- Жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 15;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 13 928;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 041 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.