Россияга барган мигранттар 30 күндө медициналык кароодон өтүшү керек
Россияга барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде эмгек мигранттары, өлкөнүн аймагына киргенден кийин 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бөлүм башчысы Эркин Каримов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандар үчүн медициналык кароодон өтүү талаптарына өзгөртүүлөр киргизилген.
“Ушул 30 күндүн ичинде Россиянын аймагында болгондон кийин сөзсүз түрдө чет өлкөлүк жарандар медициналык кароодон өтүшү керек. Биринчи жугуштуу оорулар, андан кийин ВИЧ-инфекциясы, кургак учук текшерилет. Андан тышкары, баңгизаттарды колдонууну аныктоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлөт”,- деди Каримов.
Министрликтин өкүлү белгилегендей, аталган багыттар боюнча медициналык текшерүүдөн өтүү талаптары күчөтүлүүдө.