Көчмөндөр оюндарында Кырчында 150 орундуу көчмө оорукана иштеп, тик учак болот

 Көчмөндөр оюндарында Кырчында 150 орундуу көчмө оорукана иштеп, тик учак болот

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында Кырчын жайлоосунда 150 орундуу көчмө оорукана жайгаштырылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова радиолордун биринде түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, көчмө оорукана 25-августтан 7-сентябрга чейин иштейт. Анда 60тай медицина кызматкери бейтаптарга жардам көрсөтөт.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маалында 1,5 миллионго чейин коноктор жана өзүбүздүн жарандар болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталы Кырчын жайлоосуна орнотулат. Ал 150 орунга ылайыкталган. Анда бир эле медпункт эмес, жугуштуу оорулар, кардиология, хирургия бөлүмдөрү бар. Он кишиге ылайыкталган палаталар болот. Медициналык жардам алууга кайрылган жарандарды абалына жараша Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жиберебиз. Тик учак да койгон жатабыз. Оюндар учурунда мисалы, ат үстүнөн кулап жаракат алган учурлар болушу мүмкүн. ӨКМдин тик учагы менен бейтаптарды Бишкекке алып кеткенге да даярбыз”, – деп белгиледи Ишенапысова.

Связанный пост