Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып министрлер кабинетинин токтомуна ылайык бир катар продукциялар үчүн милдеттүү акциздик маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар акциздик марка менен товарлардын төмөнкү түрлөрүн маркалоого милдеттүү: – ТЭИ ТН 2403 товардык позициясына киргизилген түтүктүү тамеки, тартуучу тамеки, жыттоочу, кальяндык (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Михаил Головченко менен бирге ушул күндөрү Екатеринбург шаарында өтүп жаткан ИННОПРОМ 2024 эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты. Сапардын […]Читать далее
Бүгүн, 21-майда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев айыл чарбасын, айыл аймактарын өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңешинин жумушчу тобу менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, суу пайдалануу системасын жакшыртуу жана кайра иштетүү өнөр жайын модернизациялоо […]Читать далее
Президенттин Администрациясынын коллегиясында министрликтердин 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнө баа берилди
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын жыйынында 2023-жылга Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыктары каралды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков белгилегендей, Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына 554 иш-чара киргизилген, анын ичинен 7 иш-чара 2024-жылга жылдырылды. 547 иш-чаранын ичинен: 430 (79%) аткарылды, 117 (21%) аткарылган жок. 16 мамлекеттик орган «эң жакшы», […]Читать далее
2024-2025-окуу жылына карата балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 8-апрелде башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Электрондук каттоо https://mektep.edu.gov.kg/ автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу эки этап менен жүргүзүлөт. I этап – жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 2024-жылдын 8-апрелинен 2-июнуна чейин, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт […]Читать далее
ММКФ: Бейтаптар медкамсыздандыруусу жок ооруканага жаткырылганда дарылануунун толук наркын төлөйт
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын бардык жарандарына ооруканага пландуу жаткыруу учурунда медициналык камсыздандыруу (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу болушу керектигин эскертет. Камсыздандыруусу жок болгон учурда бейтаптар дарылануу үчүн 8 миң 400 сомдон 14 миң 310 сомго чейин (кошумча төлөмдүн максималдуу суммасын) төлөшөт. Эгерде камсыздандыруусу же ММК полиси болсо, дарылоо мекемелерине жаткырылганда бөлүмдүн профилине […]Читать далее
Самолетко билет баалары жогорулаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-март күнү жүргүнчүлөрдү ташуучу ички каттамдарды ишке ашыруучу авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууда маалым болду. Республика ичиндеги авикаттамдарга билеттердин баасы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования дарегине келген кайрылууларга байланыштуу отурум өткөрүлгөн.. Жолугушууда авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу […]Читать далее
“Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы” Муниципалдык ишканасынын автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады. Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттулук дагы […]Читать далее
Борбор калаанын ЖЭБинде орун алган аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого эч кандай негиз жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, турак үйлөрдө температура сакталууда. “Бардык медициналык мекемелерге эскертүү берилип, билим берүү уюмдары онлайн окутууга өттү. Электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Норма боюнча үйлөрдөгү температура +18+21 […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров президенттин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун жана 2024-жылга карата иш-пландарын угуп, сөз сүйлөдү. Анда министрлер кабинетинин төрагасы президент Садыр Жапаров башында турган 3 жылдан берки башкарууда өлкө экономикасынын реалдуу секторунда, […]Читать далее