Президенттин Администрациясынын коллегиясында министрликтердин 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнө баа берилди

 Президенттин Администрациясынын коллегиясында министрликтердин 2023-жылга карата ишмердүүлүгүнө баа берилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коллегиясынын жыйынында 2023-жылга Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын аткарылышынын жыйынтыктары каралды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сыдыков белгилегендей, Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына 554 иш-чара киргизилген, анын ичинен 7 иш-чара 2024-жылга жылдырылды.

547 иш-чаранын ичинен: 430 (79%) аткарылды, 117 (21%) аткарылган жок.

16 мамлекеттик орган «эң жакшы», 15 «жакшы», 1 «канааттандырарлык» жана 1 «канааттандырарлык эмес» деген баа алган.
Ички иштер министрлиги, Улуттук статистикалык комитет жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик «эң жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын үчилтигине кирди.

«Жакшы» деген баа алган мамлекеттик органдардын ичинен биринчи үч орунду Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Экономика жана коммерция министрлиги ээледи. Коргоо министрлигине “канааттандырарлык”, Улуттук инвестиция агенттигине “канааттандырарлык эмес” деген баа берилди.

Связанный пост