Кара-Суу районунда акциздик маркасы жок тамеки буюмдарын өндүрүү жана сатуу боюнча жашыруун заводдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган завод 2022-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин тымызын иштеп келгени аныкталган. Тамеки буюмдарын өндүрүү үчүн жабдыктар БАЭден алынып келинип, баасы 470 миң АКШ долларын түзгөн. Сырье […]Читать далее
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланды. Маалыматты Ички иштер министрлиги тастыктады. Билдирүүдө ал Кылмыш жаза кодексинин 169-беренесинин 2 жана 3-пункттары боюнча айыпталып жатканы айтылат. Матраимовдун кайда жүргөндүгү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот — 0312 26-62-61, 0550 25-25-89, 0700 35-55-87.Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы “Дордой Моторс” базарынын аймагында энергетикалык суусундуктарды мыйзамсыз сактаган жана саткан соода түйүнүн аныкташты. Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн белгилүү эл аралык соода маркасындагы 6 миң 876 банка энергетикалык суусундук тартып алынды. Субъектте продукцияга карата бардык керектүү уруксат берүүчү документтер жок болгон. Энергетикалык суусундуктар товарлардын акцизделчү тобуна кирет, бирок тиешелүү салык […]Читать далее
“Туратали” аталышында Кара-Суу базарынын аймагында жайгашкан жеке ишмер “К. Жээнбеков” базарынын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Суудагы “Туратали” базарынын аймагында дүң жана чекене соода менен алектенген ишкерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталды. Белгиленгендей, жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан соттук чечимдердин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Октябрь районунун сот аткаруучусуна карата кылмыш иши козголду. Алсак, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен А.Б. жана анын башка тарапташтары угузулган айыптары боюнча күнөөлүү деп табылышып, аларга жазалар белгиленип, мамлекетке келтирилген 310 млн. 281 миң 747 сом өлчөмүндө зыянды ортоктош төлөөсү […]Читать далее
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы лицейиндеги окуяга байланыштуу мугалим кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, социалдык тармактарда “Сапаттын” окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган. Окуя 22-январда болгон. Милициянын билдирүүсүнө таянсак, аталган факт 24-январда Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган. […]Читать далее
Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, Баткен облустук ИИБ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жооптуу тогуз кызматкерлери кызмат абалынан системалуу түрдө пайдаланып жүргөндүгү аныкталган. Алар айдоочулардан, анын ичинде жол кыймылынын эрежесин бузгандардан административдик […]Читать далее
Кара-Сууда региондор аралак кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Facebook” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына региондор аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган. Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бл тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, буга чейин, 2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөдөдө такталгандай, Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда эл аралык маңзат каналы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 22-январда Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында кыргыз жараны Ё.А.А. кармалды. Такталгандай, кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңги затын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстан Республикасынан Өзбекстан […]Читать далее