Кызыл-Кыя шаарында балдар поликлиникасынын менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

 Кызыл-Кыя шаарында балдар поликлиникасынын менчиктештирилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэриясында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Кызыл-Кыя шаарынын Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан мурдагы балдар поликлиникасынын жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2010-жылы сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен А.У. аттуу жарандын жеке менчигине мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан жогоруда белгиленген сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Кызыл-Кыя шаардык сотуна доо арыз келтирилип, баардык соттук инстанцияларда доо арыз толугу менен канааттандырылган.
Аталган социалдык объектиге таандык болгон жер тилкени муниципалдык менчикке кайтаруу максатында шаардык прокуратура тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын мэринин наамына прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, жыйынтыгында баасы 8 млн 588 миң сомду түзгөн 4294 чарчы метр жер тилкеси Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алынды.

Связанный пост