Баткенде дээрлик 7 тонна контрабандалык грек жаңгагы кармалды

Баткенде дээрлик 7 тонна контрабандалык грек жаңгагы кармалды. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы эрежелерин бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө, Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында Өзбекстан Республикасынын жараны «Х.С.И.» башкаруусундагы «Mercedes-Benz 814» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унаанын жүк бөлүгүн бажылык текшерүүдө жалпы салмагы 6 745 кг түзгөн «кабыктары менен грек жаңгак» жана «кабыгынан тазаланган грек жаңгак» табылган.

Жүк эч кандай жүк-коштоочу документтери, анын ичинде бажы документтери жок болгон. Кармалган товардын баасы 1 577 500 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Баткен облустук сотунун 2024-жылдын 25-мартындагы чечимине ылайык жүгү менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.

Связанный пост