Араван районунда баасы 117 млн сомдук 11,43 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Араван райондук сотунун 2007-жылдагы чечими менен Юсупов айыл аймагынын Мончок-Тепе участогунда жайгашкан 11,43 га жер тилке Р.Н. жеке менчиги деп мыйзамсыз табылып, андан соң 2013-жылы бул жер тилке тартуулоо келишиминин негизинде Н.Н. менчигине өткөрүлгөндүгү аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан […]Читать далее
Кыргызстанга Өзбекстандан 40 миң даана жумуртканы мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Баткен облусунда өлкө аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз кирген 39 миң 990 даана тоок жумурткасы аныкталган. Аймактагы ветеринардык инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн учурда тоок жумурткасынын эч кандай ветеринардык […]Читать далее
7 млн сомдук күйүүчү-майлоочу майларды жеке максатта колдонгон “Тазалыктын” жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башы прокуратурадан билдиришти. Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ишкананын айрым кызматчыларына 7 млн 179 миң 498 сомдук 134,2 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз түрдө берүү менен бюджеттик каражатты коротуп жиберген […]Читать далее
Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жана Эсептөө палатасы тарабынан Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүчү органдар (Эсептөө палатасы) тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгын жакшыртуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашыруу максатында Ала-Бука районунун билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, мектеп жана бала […]Читать далее
Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы […]Читать далее
Токтогул районунда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары Э.у.Э., Э.у.У. жана А.у.А. жүргөн авто унаа кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен жалпы салмагы […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 2-октябрда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 100 миң сом өлчөмүндө пара […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, Савай айыл аймагынын азыркы жетекчиси К.М.К. буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчысы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Жаңы-Арык айылынын аймагындагы жеке турак жай куруу жана коммерциялык багыттагы жер участокторун […]Читать далее
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу жана УКТнын ишин каржылоого каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мурдагы “Октябрдын 40 жылдыгы” Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик менчиктин айрым объекттерин аффилирленген жактар тарабынан К.Асанбектин пайдасына улуттук мыйзамдарда белгиленген тартипти бузуу менен чыгаруу фактысын аныктады. Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2004-жылы аталган ишкананын балансынан ошол учурда колдонулуп жаткан […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өз кызматкерлерине карата көрүлгөн тартиптик чаралар жөнүндө билдирүү таратты. Маалыматта белгиленгендей, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн КР УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү […]Читать далее